Чүй облустук сотунун имаратында өрт чыгып, 7-апрелдеги мародёрлук боюнча материалдардын жоголгону айтылды

Чүй облустук сотунун имаратында өрт чыгып, 7-апрелдеги мародёрлук боюнча материалдардын жоголгону айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Алардын маалыматына караганда, 30-июлга караган түнү белгисиз эки-үч адам судья А.Жумагуловдун иш бөлмөсүнө кирип, сейфтен 2010-жылдын Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча материалдарды алып, из жашыруу үчүн бөлмөгө өрт коюп кеткен.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги SUPER.KG порталына: “Бул иш боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү иштеп жатат. Азырынча окуянын кандай болгону тууралуу маалымат жок. Ошол жердеги соттор айрым материалдар жок экенин айтышкан”,- деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zezim2000
2015-07-30 15:35:43
шайлоо астында бир деме болуп кетпесе эле,кудайым озун сактай кор кыргыз элимди
+1
windom
2015-07-30 15:40:27
Акыркы кезде чиновниктер сценарийди да жакшылап тузо албай калышты го.....
+4
Medina87
2015-07-30 15:56:12
Марадерчулукка катышы бар адамдардын иши...
+1
kg-zzzzz
2015-07-30 17:02:17
7 Апрельдеки окуялардын иизин суутуп жок кыла башташтыго дейм шайлоодо бирдеме болуп бир чети чыгып кетпесин деп
+2
nura.177
2015-07-30 17:49:51
Морадерлер азыр элге куйуп, эл учун иштей турган адам болуп жатышканда, ал маалыматтарды жок кылышты да,кокус иликтенип кетпесиндеп, анын устуно шайлоого опозиция болуп барган он да ,откондон кийин бийлик тарапка отуп алышат. Торт жыл оздорунун ишин кылып
0
saat1200
2015-07-30 20:01:09
мм эч тушунуксуз ачык жалган оздору да бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан