Мамлекеттик чек ара кызматындагы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Мамлекеттик чек ара кызматындагы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматы менен “Бишкек жылуулук энергиясы” ишканасы кызматкерлер үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө жылуулук трассасын курууну макулдашышкан. Кеткен чыгымдын жарымын кызматтык үй салынган аймакта 12 кабаттуу үй куруп жаткан “М.Т.И” курулуш ишканасы төлөмөк. Бирок Чек ара кызматы жылуулук трассасы үчүн 3,5 миллион сом төлөгөн. Ал эми “М.Т.И” курулуш ишканасы болгону 826 миң сом короткон. Мындан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан