Лейлек районунда 13 тонна алюминийди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган үч тажик жараны кармалды

Лейлек районунда 13 тонна алюминийди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан тажик жарандары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-июль күнү Жаштык айылына жакын жерде 3 тажик жараны кармалган. Алар кыргыз-тажик чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына 13 тонна алюминий алып өтүүгө аракет кылышкан. Анын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашат. Учурда документтер толтурулуп, кармалгандар жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beka1207
2015-07-30 17:06:55
Рас мыйзамсыз алып отуп атавы ...тезинен мамлекет пайдасына конфискациялоо керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан