Чүй облустук сотунун судьясынын иш бөлмөсүндө болгон өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева SUPER.KG порталына билдирди.
“30-июлга караган түнү судьянын иш бөлмөсүндө өрт болгону чын. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Ал эми кандай документтердин жоголгону тууралуу маалымат жок. Азырынча документтерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат”,- дейт Айнура Токтошева.
Ал эми өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып: “Судья А.Жумагуловдун иш бөлмөсүнө белгисиз 2-3 адам кирип, сейфтен 2010-жылдын Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча материалдарды алып, из жашыруу үчүн бөлмөгө өрт коюп кеткен”,- деп жазышууда.
Ички иштер министрлиги болсо: “Бул иш боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү иштеп жатат. Азырынча окуянын кандай болгону тууралуу маалымат жок. Ошол жердеги соттор айрым материалдар жок экенин айтышкан”,- деп билдирүүдө.