Туризм департаментинин директору Максат Чакиевге козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Айта кетсек, 2015-жылдын 28-май күнү Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алган болчу. Бирок Бишкек шаардык соту аны 11-июнда үй камагына чыгарган.