Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди сүзүп алган айдоочу кармалып, унаасы айып жайга токтотулду

Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди сүзүп алган айдоочу кармалып, унаасы айып жайга токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов SUPER.KG порталына билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн саат 14:00 чамасында Анкара көчөсүндө болгон. Анда 1988-жылы туулган М.Э. аттуу айдоочу Опель Зафира үлгүсүндөгү унаасы менен 68 жаштагы Мукамбет Токтобаевди сүзүп алган. Жабырлануучу “Тез жардам” аркылуу ооруканага бара жатканда каза тапкан. Учурда айдоочу кармалып, унаасы айып жайга токтотулду. Ал эми жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда”,- дейт Тилек Оторов.

Бир аз мурун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди автоунаа сүзүп кетип, ал каза тапканын SUPER.KG порталына билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
saru
2015-07-30 19:23:03
Эх чиркин омур ,Кыргыз маданияты дагы бир мыкты инсанынан айрылды.Арты кайрылуу болсун!
+2
kemel81
2015-07-30 19:38:08
Кырсык да. Жакшы болбоптур.
0
sabyr86
2015-07-30 19:54:14
Кармалды дегенге караганда,сүзүп качып кеткенби эмне?
0
gul3ina
2015-07-30 20:11:20
Жаткан жери жайлуу болсун
0
gulzar_gulu
2015-07-30 20:21:44
Ушул кундор да башта бар беле???
0
aizbek
2015-07-30 20:22:05
Жакшы актер болчу,жайы жаннаттан болсун
+1
Mars55
2015-07-30 20:29:31
Жайы жаннаттан болсун,Арман арман
+2
Bermet_Kasymova
2015-07-30 22:21:56
Эгер актриса болсм созсуз ушул актер менен жолугам дечу элем(((((. Абдан кыйын актер эле
0
adi_ko.kg
2015-07-30 22:23:22
Beyishten orun alynyz, uibulosuno sabyrdyluktu kaalaim
0
zahira
2015-07-30 23:30:36
jatkan jeri Jannattan bolsun.men jakshy korgon akter ele
0
Brokovich
2015-07-31 01:43:18
Гульнур Сатылганованын кайнатасы беле?
0
jazgul80
2015-07-31 02:21:33
Brokovich,.ооба. жаткан жери жаннаттан болсун. Акырети кайрымдуу болсун. Калган омурун. Неберелерине балдарына берсин. Аамиин.
0
sopu93
2015-07-31 02:37:24
жайыныз жаннаттан болсун генерал!!!!!
0
Dadasdasd
2015-07-31 05:41:19
Ажал да . Кырк жыл кыргын болсо да, ажалсыз чымын олбойт.
0
KARAGER
2015-07-31 08:53:51
Кандай таланттуу актер эле. Ажал экен да. Жаткан жери жайлуу болсун!
0
Sayragul
2015-07-31 15:44:05
Жаткан жери жайлуу болсун. Эми кырсык каш-кабактын ортосунда. Атайылап жасабады ал балага дагы кыйын болду. Айдоочулар дагы , жоо жургунчулор дагы озу эреже сактап журсо жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан