Акыркы жылдары Бишкектин четиндеги жаңы конуштарга 30 миңдей жеке үй курулган
Акыркы жылдары Бишкек шаарындагы 47 жаңы конушка 30 миңдей жеке турак үйлөр курулган, алардын 60 пайызы курулуш стандарттарына жооп бербейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясына караштуу Жеке турак жай куруу департаменти билдирет. Буга байланыштуу өткөн жылы аталган департамент Арча-Бешик жана Ак-Бата жаңы конуштарынын тургундары үчүн атайын тренингдерди өткөргөн, ага 110дой жаран катышкан. Мындай тренингдер бул жылы да улантыла тургандыгы кабарланды.