
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы советтик жана кыргыз өлкөсүнүн коомдук-саясий ишмери, Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин 1-катчысы, КРнын Баатыры
Абсамат Масалиев жүрөк оорусунан 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Коммунисттик партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. 1985-жылдан тартып Коммунисттик партияны жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон. Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, II даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.

* Мындан 70 жыл мурун, 1945-жылы КМШ өлкөлөрүн бириктирген “Поле чудес” телеоюнунун алып баруучусу, шоумен
Леонид Якубович Москвада төрөлгөн. Атасы инженер, энеси врач-гинеколог болгон. Леонид Якубович телевидениеге эч жакындабаган инженер-куруучунун окуусун бүтүргөн. 80-жылдардан тартып сулуулук сынактарын, ири кечелерди, чоң аукциондорду, музыкалык фестивалдарды алып барган. Телевидениеге келип “Поле чудес” телеоюнунун алып баруучусу жана “ВиД” телекомпаниясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган.

* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы саясий ишмер
Өмүрбек Субаналиев Талас шаарында туулган. Ал 1981-жылы СССР Ички иштер министрлигинин Карагандыдагы Милициянын жогорку мектебин аяктаган. Эмгек жолун 1981-1986-жылдары Талас облусунун ИИБ кызматкери болуп иштөөдөн баштаган.
2005-жылы, 24-ноябрь – КРнын Ички иштер министринин орун басары;
2006-жылы, 6-ноябрь – КРнын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
2007-жылы – Президенттин администрациясынын коргоо, коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2008-жылы, январь – 2009-жылы – Нарын облусунун губернатору;
2010-жылы, 12-июнь – Ош облусунун ИИБ башчысы, 7 күн иштеген.

* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы немис ырчысы
Си Си Кетч Голландиянын Осс шаарында төрөлгөн. 80-жылдардын диско-ырчысына айланган атактуу ырчы айым Си Си Кетчтин чыныгы аты-жөнү – Каролина Катарина Мюллер. Атасы Юрген немис улутунан, ал эми апасы Корри Нидерландынын жараны болгон.
1985-жылы Каролинаны жаш артисттер сынагында белгилүү немис продюсери, “Модерн Токинг” тобунун жетекчиси Дитер Болен биринчи ирет көрүп, чогуу иштешүүнү сунуштайт. Ушул эле жылы келишимге кол коюшуп, жаңы түзүлгөн топтун атын “Си Си Кетч” деп аташат. “С”, “С” – ырчынын атынын баш тамгалары, ал эми “Catch” болсо “хит идея” деген сөздүн синониминен алынган.

* Мындан 200 жыл мурун, 1815-жылы Англиядагы Филадельфия айылына жакын жерде паровоз жарылып, анын кесепетинен 16га жакын адам каза болгон. Бул биринчи темир жол кырсыгы болуп тарыхта калган. Кырсык инженер
Уильям Брунтондун жетекчилиги менен жасалган "Механикалык саякатчы" аттуу паровозунун көргөзмөсүндө болгон. Буга чейинки сыноолордо паровоз 4 км/саатка чейинки ылдамдыкты көрсөткөн. Инженер от жагылуучу жайдагы басымдуулукту көбөйтүү менен паровоздун ылдамдыгын жогорулатууну ойлогон. 30-июль күнү көптөгөн элдин назарында жүрүп бара жаткан паровоз жарылып кеткен.
31-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.