Тогуз-Торо районундагы Кетбеш капчыгайында тоонун арасындагы 1,5 сотых жер аянтына өзгөчө жыты бар маңзаттарын камтыган өсүмдүктү өстүрүп жүргөн 2 жаран кармалган. Аталган жерден 1190 түп, жалпысынан 180 килограмм салмагындагы өсүмдүктөр текшерилип, экспертизанын жыйынтыгында наркотикалык өсүмдүктөр экендиги аныкталган.
Кармалган жарандардын бири Казарман айылында 1976-жылы туулган болсо, экинчиси Тогуз-Торо районунун Арал айылында 1982-жылы туулгандыгы аныкталды. Аларга "баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү айдоо жана өстүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.