Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-июль күнү Ош облустук прокуратурасына Д.А. аттуу жаран кайрылып, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери М.А. “камакка алам” деп коркутуп, 25 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 30-июль күнү М.А. пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.