Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Кемин районунда 2 гектар куураган чөп күйгөн. Учурда өттүн келип чыгуу себептери такталууда.