Кыргыз жериндеги Кытайдын маданият күндөрүнүн алкагында 29-30-июль күндөрү Кытайдын улуттук музыкалык аспаптарында ойногон мамлекеттик оркестрдин артисттери Бишкекте чыгармачылыгын тартуулашты.
Оркестрдин жана белгилүү кытайлык ырчылардын концерти Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда орун алды. Бул тууралуу 31-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Артисттер кытай классикалык музыкасын жогорку деңгээлде аткарышып, залдагыларга концерттин жүрүшүндө жагымдуу маанай тартуулап турушту. Оркестр "Алтын жыландын бийи", "Малчынын жаңы ыры", "Кооз роза", "Аси ай хору", "Кам-байыркы чай жолу", "Тибет тоолору", "Майра", "Яо элинин бийлөө үчүн музыкасы", "Түркүн түстүү жыгач барабандар", "Ат жарыш", "Жасмин гүлдөрү" аттуу чыгармаларды аткарды.