Ош технологиялык университетинин кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуу жайга кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү Ош шаарынын тургунунан 5500 сом талап кылып, окуу жайга кабыл аларын айткан. Мындан улам бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, окуу жайдын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.