Сергей Дьяченко: “Бишкектеги 4500дөй жол белгилер дээрлик жараксыз абалда”
“Бишкектеги
4500дөй жол белгилер дээрлик жараксыз абалда, алар тийиштүү талапка жооп бербейт. Жол белгилери кыйшайып, жарык кайтаруу өзгөчөлүгүн жоготуп,
учурда аларды алмаштыруу же калыбына келтирүү керек. Унаалардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу
үчүн кошумча 3000 белги орнотуу да зарыл”. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Шаардык жол кыймылы коопсуздугунун
монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгынын жетекчиси Сергей
Дьяченко билдирди. Борбордун мэри
бул маселеге тиешелүү тапшырманы 1-марттан баштап оорукана, мектеп, ЖОЖ
жана соода борборлорунун аймагынан баштоону буюрду.