30-июлда Израилдин Иерусалим шаарында ЛГБТ өкүлдөрү гей-парад өткөрүп жатканда кандуу кырсык орун алды. Иудаизм динине абдан берилген жергиликтүү тургун иш-чаранын катышуучуларын бычактаган. Жалпысынан 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, 2 адам оор абалда ооруканада жатат.
"Полиция кызматкерлери бычактаган жаранды кармашты. Ал 2005-жылы да ушундай аракетке барып, 12 жылга эркинен ажыратылган. 10 жыл өткөн соң абактан бошотулган",- деп жазышты басылмалар.
Ошондой эле кырсык орун алгандан кийин да гей-парад улана бергени белгилүү болду.