Бүгүн, 31-июлда премьер-министр Темир Сариев Евразиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн кабыл алып, “Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасы” инвестициялык насыясын бөлүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Долбоордун наркы 100,0 миллион долларды түзгөн бул каражат насыя түрүндө берилет. Анын мөөнөтү 20 жылды түзүп, жеңилдетилген мезгил – 8 жыл жана пайыздык үстөгү жылына 1 пайыз деп эсептелет. Долбоордун аткаруучу агенттиги – Энергетика жана өнөр жай министрлиги.
Аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыковдун айтымында, долбоордун ишке ашырылышы менен Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 30-40 жылга узартылат, ошондой эле ГЭС кошумча кубаттуулукка ээ болуп, ал 20-40 пайыз жогоруламакчы. Натыйжада жалпы өлкө боюнча күз-кыш мезгилинен өтүүнүн сапаты жакшыртылат.