Жогорку Сот судьянын иш бөлмөсүнөн Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча иштердин жоголгонун тастыктады

Жогорку Сот Чүй облустук сотунун судьясы А.Жумагуловдун иш бөлмөсүндө болгон өрт тууралуу бүгүн, 31-июлда расмий билдирүү таратты. Билдирүүдө: “30-июлда болжол менен саат 03:28де белгисиз бет капчан эки адам Чүй облустук сотунун экинчи кабаты аркылуу кирип, судья А.Жумагуловдун эшигин талкалап, иш бөлмөсүндөгү сейфтен 8 томдон турган жазык иштин 6 томун уурдап баратып өрт коюп кеткен. Анда Абдуллажан Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов жана А.Акжолов менен Р.Жоробаеванын кылмыш иштери боюнча жазык иштер жана Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча да иштер уурдалган. Өрт чыккан бөлмөнү соттун күзөт кызматкерлери өчүрүшүп, өрт өчүрүүчүлөрдү жана ички иштер органдарын чакырышкан”,- деп жазылган.

Айта кетсек, учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NZ170685K-Dariya
2015-08-01 21:00:31
Адамдын кулкусун келтиретко,эми аларга иш козголбой калабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан