11-февралдан 11-мартка чейин атайын пландын негизинде Жалал-Абад облусундагы шаар, райондордо милициянын аймактык тескөөчүлөрү өз аймагына караштуу ишкана-мекемелердин жетекчилери менен бирге элдик жыйындарды өткөрүшүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин мындай жыйындар Ала-Бука районунун Балтагулов, Сары-Талаа айылдарында, Аксы районунун Кербен шаарында, Кош-Дөбө айылында жана облустагы Кара-Көл шаарында болуп өттү. Анда негизинен жолдорунун бузулушу, чек ара көйгөйлөрү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун жетишсиздиги сыяктуу орчундуу көйгөйлөр айтылууда.