Бүгүн Ала-Бука районундагы Бозумчак кениндеги ишкананын ачылыш аземи болот

Бүгүн, 1-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапары башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө премьер-министр Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак кениндеги “Казакмыс Голд-Кыргызстан» тоо-кен ишканасынын ачылыш аземине катышат. Муну менен катар аталган райондогу Иштамберди кениндеги «Фулл-Голд Майнинг» кен иштетүүчү ишканасынын учурдагы абалы менен таанышат. Мындан соң Сузак районундагы Кыр-Жол айылында көчкүдөн жабыр тарткандарга салынып жаткан Жашасын айылындагы турак жайлардын жана райондогу Көк-Арт аймагында курулуп жаткан альтернативдик унаа жолунун курулушу менен таанышат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планы талкууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан