Бүгүн, 1-августта Жалал-Абад ОИИБи 2015-жылдын 6 ай ичинде баңгизатка каршы күрөшүү жана аткарган иштери боюнча маалымат таратты. Белгилүү болгондой, 6 ай ичинде 95 кылмыш аныкталып, 873 килограмм 378 грамм ар түрдүү баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган. Анын ичинен: марихуана - 128 килограмм 746 грамм, гашиш - 19 килограмм 632 грамм, канабис (кендир) - 5 килограмм, прекурсорлор - 128 килограмм 746 грамм, апийим - 600 грамм, героин - 6 грамм. 2015-жылдын жай айларында республиканын аймагында өткөрүлүп жаткан «Мак-2015» аталышындагы атайын иш-чаралардын алкагында «Кара куурай» аталган ыкчам-алдын алуу операциясы Жалал-Абад ОИИБинин жана ШРИИБинин кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
операция учурунда Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизатка байланыштуу 3 кылмыш иши аныкталып, бети ачылып, анын ичинен 2 кылмыш иши баңгизатын мыйзамсыз сактоо, 1 кылмыш иши баңгизат өсүмдүктөрүн мыйзамсыз эгип өстүрүү фактысы аныкталды. Милиция кызматкерлери аныктаган фактылар боюнча жалпы 181 килограмм баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.