Бишкекте алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен 1-августта билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен 67 жаштагы С.Сулайка кайрылып, 2014-жылдын ноябрь айында арыздануучуну батирин күрөөгө коюуга көндүрүп, андан соң 10 миң доллар акчасын алган Гүлмира Намазовага карата чара көрүүнү суранган. Мындан сырткары милицияга кайрылган 42 жаштагы И.Нурбек аттуу жаран Г.Намазова жер тилкесин алып берем деп 14 500 доллар акчасын алып, бербей жүргөнүн билдирген. Ошондой эле арыз менен М.Мирлан кайрылып, 4 миң долларга алданганын айткан. 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелип 1968-жылы туулган Намазова Гүлмирахан Курбанахуновна кармалган. Шектүүдөн жабыркагандар (0554) 10-21-29 номери аркылуу милицияга билдиришсе болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurchik05
2015-08-01 16:35:59
Улгайып жаштарга улгу болгонду ордуна кылган ишин
+6
Altun76
2015-08-01 16:41:47
Ушинтип журсонуз балдарынызга,небереге кантип тарбия берет болдукез
+5
sagyn91
2015-08-01 17:13:27
Жап жакшынакай эле аял экенсиз го балдарыныздын жузун жер каратыптырсызда
+4
chyngyz-KG
2015-08-01 18:44:00
Мындайлар коп квартира,жер тилке алып бергичтер.Чарчаткан бир эже дагы
+2
edik.toloikon
2015-08-01 20:34:17
бул эжени дагы Омарга окшотуп анан териштирет бекен десен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан