Бишкектин борбордук аянтында бүгүн, 1-августта "Оймо" фестивалы өтүүдө. Фестивалдын максаты – кыргыз өлкөсүндөгү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, байыртадан келе жаткан салтты жандандыруу, маданий мурастарды сактап, кыргыз бермети – Ысык-Көлдү туризмдин ордосуна айландыруу. Ал эми 3-августтан 9-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында уланат.