Өзүн-өзү асып өлгөн аскердин энеси уулунун чөнтөгүнөн табылган катты бирөө жазган деп айтууда

Бүгүн, 27-февралда Бишкекте өзүн-өзү асып каза болгон аскердин энеси Кайыргүл Канаталиева журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. “Балам катты өз колу менен жазган эмес. Ал мындай ишке барбайт болчу”,- дейт эне. Канаталиева мугалим экендигин жана өз уулуна 1-класстан 11-класска чейин сабак бергендигин айтып, табылган каттагы кол жазма уулунун кол жазмасы эмес экендигин айтты. Эске салсак, 16-февраль күнү Бишкек шаарында аскердик милдетин өтөп жаткан жоокер Эркинбек уулу Эрлан өзүн-өзү асып каза тапкан. Окуя болгон күнү анын чөнтөгүнөн кат табылгандыгы айтылган. Ал катта аскер өз өмүрүн кыйгандыгы үчүн жакындарынан кечирим сураган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан