Жылнаама, 2-август: Мындан 52 жыл мурун төкмө акын Алымкул Үсөнбаев 69 жашында көз жумган

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев 69 жашында көз жумган. Ал 1894-жылы Таластын Кара-Арча деген айылында туулган. Алымкул Үсөнбаев 12 жашка келгенде атасы дүйнөдөн кайтат. Ал ырчылыкка 13 жаш курагында кирише баштаган. 14 жашында улуу акын Токтогулга жолугуп, андан таалим алган. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. Эмгек жолун 2003-жылы интернат-гимназияда кыргыз тили боюнча мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 2010-жылдын 10-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
* Мындан 203 жыл мурун, 1812-жылы Орусия менен Осмон империясы тынчтык келишимин түзгөн соң Одессага көптөгөн кемелер каттай баштаган. 2-августта театр үйүндө үч аял каза болуп, аларга иштегендеринен да оорунун белгилерин байкашкан. Ошол күнү шаардын полициясынын башчысы доктурларды чогултуп жыйын өткөргөн. Үч күн аралыгында сегиз адам каза болгон. Бардык жерде оорунун белгилери бирдей болгон: дене табы көтөрүлүп, тактар пайда болгон. Оору ылдам жугуп, бат өрчүгөн. Шаарда катуу карантин башталган. Бирок ага карабастан, чуманын айынан шаардын ар бир тогузунчу жараны каза болгон. 
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы Ирак Кувейтке кол салган. Бул жаңжал 2 күнгө созулуп, Перс булуңундагы согушка алып келген. 1990-жылы 18-июлда Саддам Хусейн Кувейтти чек арадан Ирактын мунайын мыйзамсыз түрдө өндүрүп жатышканын айтып, компенсациясына 14 миллиард карызын кечип, үстүнө 2,5 миллиард доллар кошуп беришин талап кылган. Кувейттин шейхи Жабер аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах талаптарды аткаруудан баш тарткан. Ирактын аскерлери чек арага жыйналып, Саддам Хусейн көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын айткан. 1-августтагы сүйлөшүүлөр Ирак тарабынан токтотулган. 2-августта саат 2:00дө ирактык 120 миң аскер жана 350 танк Кувейтке кол салган. Ошол эле күнү ирактык аскерлер эмирдин сарайын басып алышкан. Эмир Сауд Арабияга качып кеткен. 4-августта кувейттик армия талкаланып, өлкөнүн аймагы ирактык аскерлердин башкаруусуна өткөн. 8-августта Ирак менен Кувейт бириккени жарыяланган. Дүйнөдөгү алдынкы өлкөлөр Иракка каршы болуп, АКШнын башкармачылыгы менен эл аралык коалиция тарабынан болгон аскердик аракетинен улам Кувейт февралдын аягында Ирактын аскерлеринен бошотулган. 2002-жылы Саддам Хусейн расмий түрдө Кувейттен кечирим сураган, бирок Кувейт кечирүүдөн баш тарткан. 
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы "Арктика‑2007" экспедициясынын негизинде терең сууга ылайыкташтырылган “Мир” аппараты дүйнөдө биринчи жолу Түндүк Муз океанынын түбүнө түшүрүлүп, ал жерге Орусиянын титан туусу орнотулган. Бул экспедициянын жетишкендиктери "Гиннесстин рекорддор китебине" жазылган. 
"Мир" аппараттары 1985-жылы финляндиялык фирмада П.П.Ширшов атындагы Океанология институтунун инженерлери тарабынан жасалып баштаган. Аппараттар 1987-жылы жасалып бүткөн. Булардын жардамы менен суу астында 3800 метр тереңдикте жаткан "Титаник" кемесин 1991-1995-жылдары да изилдешкен.
2-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан