Жылнаама, 3-август: Мындан 36 жыл мурун "Тирүү калуу" сериалында Кейттин ролун ойногон канадалык актриса Николь Эванжелин Лилли туулган

 * Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы канадалык актриса Николь Эванжелин Лилли Альберта провинциясында Форт-Саскачеванда туулган. “Тирүү калуу” сериалына тартылардан мурун стюардесса, официант болуп иштеген. Окуусунун акчасын төлөө үчүн жарнамаларга тартылып, моделдик иш менен алектенген. 2003-жылы ал "Фредди Жейсонго каршы", "Смолвилдин сырлары", 2004-жылы "Падыша ооруканасы" тасмаларында эпизоддук ролдорду жараткан. Чыныгы актёрдук талантын "Тирүү калуу" сериалында көргөзө алган. Бул тасмадагы ролу үчүн 2004-жылы "Entertainment Weekly" журналы тарабынан "Breakout Stars 2004", 2006-жылы "Алтын глобус" номинацияларына талапкер болгон. 2009-жылы "L’Oréal" компаниясынын жүзү болгон. 2013-жылы Питер Жексондун "Хоббит: Смауг бош жери", 2014-жылы "Хоббит: Беш аскердиктин согушу" тасмаларында Тауриэль аттуу эльфтин ролун жараткан. 2015-жылы "Кумурска-адам" аттуу тасмада башкы ролдордун бирин жараткан.
* Мындан 139 жыл мурун, 1876-жылы Чоң-Алай жана Кичи-Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары 1876-жылдын июль айында орус бийлигине моюн сунган. Фергана аскер губернатору, генерал-майор М.Д.Скобелев ошол эле жылдын 3-августунда аларга төмөнкүдөй үч талап койгон: 1) 6 рубль көлөмдөгү бир жарым эселик зекет төлөө; 2) Талдык ашуусу аркылуу Гүлчөдөн Кызыл-Суу өрөөнүнө чейин таш жол салуу; 3) Аскер муктаждыгы үчүн 150 жылкы берүү. 
Орус бийлиги койгон талап алайлык кыргыздар тарабынан толугу менен аткарылган.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы орус жазуучусу, дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгынын ээси Александр Солженицын дүйнөдөн өткөн. Алп жазуучунун чыгармачылыгынын башкы өзгөчөлүгү советтик тоталитардык түзүлүштүн көлөкө жактарын жалпы коомчулукка бурмалабай алып чыккандыгында болгон. 
Александр Солженицын 1918-жылы 11-декабрда Орусиянын Кисловодск шаарында казактын үй-бүлөсүндө туулган. 1945-жылы Сталинди сындагандыгы үчүн 8 жылга камалган. Анын дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгын алышына да жазуучунун өз чыгармаларында советтик коомду сынга алгандыгы себеп болгон деген пикирлер айтылып келет. Александр Солженицын социалисттик реализмдин идеяларын сындап жазганы үчүн Кремлден куугунтук жеген. Ошол социалисттик реализмдин көлөкө жактарын чагылдырган “Иван Денисовичтин бир күнү” повести үчүн "Нобель" сыйлыгына ээ болгон.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы Марокконун Агадир шаарынын аэропортуна конордо Боинг-707-321С учагы тоого урунуп, учактагы 188 кишинин баары каза болгон.  
 * Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы Москвада XXII Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи
В.И.Ленин атындагы Борбордук стадиондо болгон. Олимпиада гимнинин коштоосунда Олимпиада оту акырындык менен өчкөн. 4,5 миң аскер жаратып жаткан экранда "Доброго пути!" жазуусу менен бирге ошол Олимпиаданын белгиси болгон аюу пайда болуп, анын көзүнөн жаш тамган. Жабылуу аземинин акырында стадионго спортчулар менен бирге колуна көптөгөн түстүү шарларды кармаган "аюу чыккан". Ал кол булгалап коштошуп, акырындык менен асманга көтөрүлүп учуп кеткен. Коштошуу аземинде күйөрмандардын жана спортчулардын ыйлаганын байкоого болгон. 
3-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан