Бүгүн, 27-февралда Талас облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамасы ачылды. Бул иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева, УКМКнын Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Молдошев катышты. Алар жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүүдө, коррупцияны азайтууда жана бийликке болгон элдин ишенимин арттырууда бул коомдук кабылдаманын орду зор экенин белгилешти.