Жайыл районунда дөңгөлөгү жарылып кеткен унаа оодарылып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 2-август күнү саат 05:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 67-чакырымында болгон. Анда Тойота Эстима унаасынын дөңгөлөгү жарылып, автоунаа оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаанын ичинен чыгарышкан.