Бүгүн, 27-февралда президент Алмазбек Атамбаев Японияга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө бир катар жолугушууларды өткөрдү. Япония парламентинин Төмөнкү палатасынын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Катсуюки Каваи, "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагучи, Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Киёши Кодера менен жолугушту. Анда эки тарап Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Саясий кызматташуу тууралуу айтып жатып Алмазбек Атамбаев парламенттик демократия Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерин чыңдоонун негизи болуп саналарын белгиледи.