Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөө кечээ, 2-август күнү саат 22:13 чамасында болгон. Анын очогу Оттук айылынан 9 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Талаа айылынан 8 чакырым түштүк-батышта жана Шор-Булак айылынан 28 чакырым батышта жайгашып, күчү аталган айылдарда 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Artyr1994
2015-08-03 11:29:50
Кумтордо алтын тугоп жатса к.к да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан