Ысык-Ата районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты

Ысык-Ата районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-август күнү милиция кызматкерлерине 35 жаштагы Ш.Р. аттуу жаран кайрылган. Анда ал короосунда байланып турган торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ш.М. жана 30 жаштагы Ш.М. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан