ЭЛДИК КАБАР: Түштүк Кореяда кыргыз жеринен барган 3 баланын жүрөктөрүнө операция жасалды

Түштүк Кореяда кыргыз жеринен барган 5 баланын үчөөсүнүн жүрөктөрүнө операция жасалды. Корея жергесинде жүргөн кыргыз жараны бул тууралуу SUPER.KG порталына 3-августта Whatsapp аркылуу билдирди. "29-июль күнү 9 айдан 3 жашка чейинки 5 бала жүрөктөрүнө операция жасатууга алынып келинген. Учурда 3 балага ийгиликтүү операция жасалды. Ал эми экөөнө кийинки жумада жасалмакчы. Балдардын ден соолуктары жакшы. Кореяда иштеп жана окуп жүргөн кыргыз мекендештер келишип, балдардын ден соолугун сурап, акчалай жардам көрсөтүшүүдө",- деди ал. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
SHAHDAR
2015-08-03 11:43:54
Мына сага! Бугунку кундун эн мыкты кабары, + еще эн жакшы кабары.
Омурлору узун болсун жөжөлөрдүн!
+11
Afina
2015-08-03 12:47:50
мындан ары оорушпасын! жараткан ден-соолуктарын чын кылсын!
+1
KYRGYZJERI
2015-08-03 13:55:12
Супер инфо адрестерин таап бере аласынарбы отунуч.
0
admin_superstan
2015-08-03 15:01:03
KYRGYZJERI, саламатсызбы!
Балдар жаткан госпиталдын дареги: Инхчон шаары, Кили госпиталы, 9811-бөлмө (9-этаж).
0
KYRGYZJERI
2015-08-03 19:02:43
admin_superstan,
чоон рахмат^^
0
aydarken
2015-08-03 17:42:07
Ар бала ден соолугу мн болсун,баланын билеги ооруса эненин журогу ооруйт экен ,учурда мен да баламды карап жатам доктурда ,бирок башка диагноз мн.
0
diiazbek
2015-08-04 10:02:24
жакшы жакшы
Гулзар еже журотко
0
AZIK01
2015-09-03 17:41:06
Азаматтар, өмүрлөрү узун болсун. Дагы деле Инчондо бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан