Чүй облусунда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын 5 кызматкери жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түнү Беловодск айылында болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын 5 кызматкери жабыркап, бири жандандыруу бөлүмүнө, калгандары травматология бөлүмүнө жаткырылган. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.