Ысык-Ата районунда трактор уурдоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Жетиген айылынын 48 жаштагы тургуну Д.Т. кайрылган. Анда ал 1-августка караган түнү белгисиз адам ЮМЗ үлгүсүндөгү тракторун уурдоого аракет кылганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Д.К. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.