Баткенде 7672 бөтөлкө контрафакттык алкоголдуу ичимдиктер колго түшүрүлдү

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткендин Лейлек районунан 7672 бөтөлкө контрафакттык алкоголдуу ичимдиктер тартылып алынды. Бир катар ишканалар тарабынан өндүрүлгөн алкоголдуу продукциялар рейддин жүрүшүндө 3 жайдан табылганын бүгүн, 3-августта аталган мекемеден билдиришти.

"7672 бөтөлкө продукциянын ичинен 7444 бөтөлкөсү күмөндүү акциздик маркалар менен табылды, ал эми 225 бөтөлкөдө акциздик марка болгон эмес. Алынган контрафакттык продукциялардын катарында 783 бөтөлкө коньяк, 228 даана энергетикалык суусундук болгон",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан