* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы АКШнын тарыхындагы биринчи кара терилүү өлкө башчысы, өлкөнүн 44-президенти Барак Обама Гавайиде туулган. Атасы Америкага Кениядан келген, Барактын ата-энеси ал эки жашында ажырашып кетишкен. Мектеп жылдарында баскетболго аябай кызыгып, ал тургай Пунахау командасынын курамында штаттын чемпиондугун да жеңип алган.
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы дарыгер-сексопатолог, Саламаттыкты сактоонун отличниги, медицинадагы ишмердиги үчүн берилген 7 медалдын ээси Күлчоро Аскаров каза болгон. Күлчоро Аскаров 1940-жылы 10-июнда Токтогул өрөөнүндөгү айтылуу Үч-Терек айылында туулган. Анын “Эки жүрөк - бир сүйүү” аттуу китеби эркек менен аялдын ортосундагы элге айтылгыс төшөк маданиятына арналган.
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы 17 ай качкын болуп жүргөн Африка Улуттук Конгресс уюмунун лидери Нельсон Мандела кармалып, түрмөгө камалган. Ал түрмөдө 28 жыл жатып, бул убакта Түштүк Африка Республикасында апартеид режимине каршы күрөшүүнүн символуна айланган. Ал түрмөдөн бошотулгандан кийин дароо өлкө президенттигине шайланган. Боштондукка чыккан соң 5 жыл өлкөнү башкарган.
Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы түштүк кореялык "Сен кереметсиң" сериалы аркылуу популярдуу болгон актёр жана модель Чжан Гын Сок Түштүк Кореянын Танян уездиндеги Чхунчхон-Пукто провинциясында туулган. Ал “Сен кереметсиң” (“Ты прекрасен”), “Бөбөк жана мен” (“Малыш и я”), “Бактылуу жашоо” (“Счастливая жизнь”), “Мэри түнү менен жок болду” (“Мэри не было всю ночь”) жана башка сериалдарга тартылган. Мультфильмдерде дагы үн коштогон. Мисалы: “Байлык планетасы” (“Treasure Planet”), “Нико жана жылдыздарга карай жол” (“Niko & The Way to the Stars”).