Япониянын аймагындагы күндүн ысыгынан 27-июлдан 2-августка чейин 11 670 адам ооруканага жаткырылып, 25 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 4-августта жазып чыгышты.
Жабыркагандардын көпчүлүгү Токио шаарынан, анда 1095 адам бейтапканага жеткирилген. Ал эми Аити аймагында - 989 адам, Сайтама - 805 адам, Осака - 801 адам, Канагава - 630 адам, Хёго - 578 адам жана Тибада 546 адам ооруканага жеткирилген.
Бейтаптардын 20га чукулу эс-учун жоготкон абалда. Күн өткөн аптанын жума күнүндө катуу ысыган. Айрым аймактарда абанын температурасы +39 градуска жеткен.
Метеорологдор 4-августта Киото менен Фукусима шаарларында абанын температурасы +37 градус, Нагоя менен Осакада +36 градус, Токиодо +35 градус болорун божомолдошууда.