Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында кызын, аялын жана кайнагасын балталап өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы 4-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 3-августта саат 19:40 чамасында Балыкчыдагы батирлердин биринде 63 жаштагы Б.Турсунбай, 42 жаштагы Б.Венера жана 4 жаштагы (жергиликтүү тургундар кыздын 14 жашта экенин айтышууда) А. кызы Айперинин жансыз денеси табылган. Алгач баары катуу нерсе менен урулган соккудан каза болгону айтылып жаткан. Окуя болгон жерден далил катары бычак жана балта табылып, каза болгон адамдардын денеси балта менен чабылганы аныкталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркумдун кошуналары суракка алынган. Алар 2-август күнү кечинде каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү келип, үйдө уруш чыкканын билдиришкен. Эртеси үйдөн эч ким сыртка чыкпаганынан үйгө кирген кошуналары каза болгон жарандарды көрүшкөн. Шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда "Ак-Кеме" өткөрүү бекетинен шектүү катары 45 жаштагы Б.Ашырбек кармалган. Ал кылмышын моюнуна алып, бир жыл мурун ажырашып кетсе да, кызганычтан улам ушул кадамга барганын айткан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.