Чүйдө жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды

Чүй ОИИББинин 5-Башкармалыгы жана Аламүдүн райондук прокуратурасы Мамлекеттик каттоо кызматы жана Көк-Жар айыл өкмөтүндө иштеген жооптуу кызматкерлер жер тилкесин мыйзамсыз беришкенин аныкташкан. Бул тууралуу 4-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 23,8 гектар жер тилкесинин категориясын өзгөртпөй бөлүп беришкен. Аянт айыл чарба багытындагы категорияга кирет. Ал эми жооптуу кызматкерлердин шалаакы мамилесинен улам ал жер 260 тилкеге бөлүнүп, жарандар курулуштарды баштап салышкан. 

Июль айынын соңунда факт боюнча "шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан