Бишкекте туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн 15 сомдун ордуна 200 сом алган кызматкер иштен айдалды

Бишкек шаарынын тургунунан 15 сомдун ордуна 200 сом алган Октябрь районундагы кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта белгилүү болду. "Бишкектин Октябрь райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн кызматкеринин мыйзамсыз акча кымырып алуу фактысы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматында жумушчу топ түзүлүп, иликтөө жүргүздү. Жыйынтыгында бардык материалдар Башкы прокуратурага жиберилди. Тергөөнүн соңунда жарандан мыйзамсыз акча алган кызматкер кызматтан алынды. Кол алдындагылардын ишин көзөмөлгө албаган жетектөөчү бөлүмдөргө дисциплинардык чаралар көрүлдү",- деп билдирди Мамкаттоо кызматы. 
Иштен айдалган кызматкер баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүдө жарандан 200 сом алганы айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aziret-92
2015-08-04 16:47:35
Иштен айдалганы калп.
+1
lizka.14
2015-08-04 16:48:43
Он беш мин алгандар чалкалап журо беришсин,200сом алган бечара жатсын турмодо.Кыйраткансып муну не мактанышты.
+7
Qnet
2015-08-04 16:51:16
Мыйзам боюнча 15 эле сомбу?Ошто 300сом бер дешет го?
+1
timoha81
2015-08-04 17:03:17
чоон иш кылгансып мактанышат 200сом деп.кечоо коркмазовду кордум жыргап журот 100000доллар менен кармалган.биздеги мыйзам только чондорго тойбогондорго иштейт
0
talant87
2015-08-04 17:12:18
тоок урдаса камаласын бай болсон колдоп самалётко отургузат кичине мейман болбодус деп
+4
karona
2015-08-04 17:30:02
Баардык нерсе ушуга окшогон кичине нерседен башталат, туура кылыптыр.
+2
edu.kg.
2015-08-04 17:32:20
Мындай 200сом менен кармалган адамдар автоматтык турдо жазаасын алат,а тиги нарымбаев каркмозов сыяктуулар учун мыйзам жайлап иштеп калат кыбырап.
0
nurchik05
2015-08-04 17:37:13
Бизде да 200дон алатго
0
sabyr86
2015-08-04 17:55:11
Туура ушинтип 5,6 кишини иштен айдап койсо,калганы өзү эле токтотот.ушуга окшогон майда чүйдөлөр эле өнуктүрбөйт элди.
+1
boston___
2015-08-04 21:56:48
акча уурдаган камалбай бир тоок урдаган камалаттан болотта бул жагы эки жуз недеген акча план керектаа буларгаа
0
Nur.88
2015-08-04 22:36:24
Бизде да 200дон алат
0
Emil0279
2015-08-04 22:36:57
Куболук алуу учун берилчу справканы да 200сомсуз бербейт. Эне Жана баланы коргоо борборунда
0
jazgul.kg.ru
2015-08-05 01:06:02
Биздин райондо БК да 200 сом болчу мурда азыр 300 го чыкты анда бут кыргызстан боюнча кызматкерлерди жоопко тартуу керек го...
0
aziziko
2015-08-05 02:31:47
Бир аял айтат ыйлап 1 носки уурдап алып кармалып калып 7 жылга кесилип кеттим балдарым ар кайсы жерде тентип журушот деп. Деги кандай олкодо жашап атабыз
0
nelya88
2015-08-05 10:51:29
Ар бир адамдан 185сомдон жеп жатса,анда бир топ эле акча озунун чонтогуно кетчу тура...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан