Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында 3-август күнү жубайлардын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерден балта табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жубайлардын балта менен өлтүрүлгөнү текшерилүүдө. Муну 4-августта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка караганда, факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Каза тапкандар 1965-жылы туулган эркек жана 1967-жылы туулган аял болгон. Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жүрүүдө.