
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы КРнын Аскердик соту 2010-жылы жайында кармалып, Апрель, Июнь окуяларындагы баш аламандыктар боюнча айыпталган
Акмат Бакиевди 7 жылга эркинен ажыраткан. А.Бакиев ден соолугуна байланыштуу жатак-абакка чыгып, ал жерден 2012-жылдын 3-мартында качып кеткен. Абактан мөөнөтүн толук аткарбай качып кеткендиги үчүн ал 2013-жылы 12-июнда 5 жылга сырттан кесилген.
* Мындан 131 жыл мурун, 1884-жылы Нью-Йорктогу Бедлоу аралында "Эркиндик" статуясы тургузула баштаган. "Эркиндик" статуясы АКШнын 100 жылдыгына франциялыктардан арналып курулган. Статуя Нью-Йорк жана АКШнын дүйнө жүзүнө белгилүү болгон символу. Анын архитектору Ричард Моррис. "Эркиндик" статуясы жайгашкан арал Бедлоу деп аталган. 1956-жылы Эркиндик аралы деп аташкан. Алгач статуяны "Азия жарыгы" деп атап, Порт-Саидде орнотууну пландашкан, бирок Египет бийлиги конструкцияларды Франциядан ташуу өтө кымбат деп чечкен. Эки жак бир чечимге келип, Америка статуяны тургузуп, Франция статуяны куймай болгон. Статуяны франциялыктар 1884-жылы июль айында бүтүрүп, Нью-Йоркко 1885-жылы 17-июнда жеткизишкен. 1886-жылы 22-апрелде статуянын курулушу аяктап, ачылышы болгон. 
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы америкалык киноактриса жана ырчы, АКШнын секс-символу
Мэрилин Монро (азан чакырылып коюлган аты – Норма Жин Бейкер) көз жумган.
* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы Эквадордун Амбато шаарында күчү 6,8 баллга жеткен зилзала болуп, 5050 киши көз жумган. Шаардын көпчүлүк бөлүгү талкаланып, жакын жерде жайгашкан 4 айыл толугу менен кыйраган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Хан-Теңир чокусуна чыгууга белсенген чет өлкөлүк альпинисттер тобу кырсыкка кабылган. Таңга маал жүргөн кар көчкү Орусия, Украина жана Чехия мамлекеттеринин альпинисттеринен куралган топтун лагерин басып, кар алдында калган 11 адамдын өмүрү кыйылган.