Нарын районунда сел жүрүп, бир нече үй зыянга учурады (фото)

Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылында 3-августта болжол менен саат 22:00дөн 23:30га чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чоң-Кара-Коо жана Кичи-Кара-Коо коктуларынан 10-15 мүнөт сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Натыйжада Кара-Коо коктусунда жайгашкан мал сарайдын жанына жыйылган 4 тонна чөптү толугу менен агызып кеткен. Сел Нарын-Ийри-Суу унаа жолундагы көпүрө түтүгүнө батпай унаа жолдун үстү менен агып, 20 турак жайга, анын ичинен 5 турак жайдын жер төлөлөрүнө кирген жана 1 бала бакчанын короосун каптаган.

Аткарылган иш-чаралар: Нарын шаардык өрт-куткаруу кызматынан 32 куткаруучу, суу сордуруучу мотопомпа, айыл аймагынан 16 ыктыярдуу куткаруучу, Нарын райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, кырдаал жөнгө салынды.

Ошондой эле Байгазак айылында сел айылдын түндүк-батыш тарабындагы Кара-Коо коктусунан келип, 14 турак жайды, короосун каптаган жана 3 турак жайдын ичине, жер төлөлөрүнө чейин кирген.

Аткарылган иш-чаралар: Нарын шаардык өрт-куткаруу кызматынан 8 куткаруучу, айыл аймагынан 6 ыктыярдуу куткаруучу ишке тартылып, башкармалык тарабынан 150 кап кум бөлүнүп берилди.

Жан-Булак айыл аймагындагы Нарын-Ак-Тал-Чат-Баетов унаа жолунун 25-чакырымында сел жүрүп, унаа жолдун 30-35 метр аралыгын сел калдыктары каптаган.

Аткарылган иш-чаралар: Унаа жолдогу сел агындыларын тазалоого райондук ЖЭМ №8-транспорт кызматы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, кыян сууларынан келген шиленди кум-баткактарды унаа жолунун үстүнөн тазалоо жумуштары уланууда.

Ыкчам топ, ЖЭМ №8-транспорт кызматы тарабынан 2 адам, айыл өкмөтүнөн 4 адам (баары 10 адам) түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштурууда.

Жарандык коргонуу комиссиясы учурда айдоо аянттарына келтирилген зыяндарды тактоо боюнча иш алып барып жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Topchubai
2015-08-05 09:36:43
Аллахым озун сактагы апааттардан.
0
kama_future_millioner
2015-08-05 09:49:50
Тилсиз жоодон кудай сактасын
0
Deniza88
2015-08-05 16:25:44
Ии байкуш Нарындыктар жоош, башка жак болсо эчак паника болуп , президент баш болуп жонот калмак .. Не болсо да Тынчтык болсун .
+1
Altyn_
2015-08-06 01:28:07
Нарын районубу же Нарын областьтыбы? Короче Нарында болгон окуя экен да .
0
admin_superstan
2015-08-06 10:53:33
Altyn_, саламатсызбы!
Сел Нарын облусунун Нарын районунда болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан