Кыргызстан өткөн жылы 145 өлкө менен соода мамиле жүргүзгөн
Кыргызстан 2012-жылы дүйнөнүн 145 өлкөсү менен соода мамилелерин жүргүзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат. Республиканын товарлары дүйнөнүн 82 өлкөсүнө ташылып турган. Экспорттун негизги көлөмү Швейцарияга 32,6 пайыз жөнөтүлгөн. Андан кийинки көрсөткүчтөр боюнча: Казакстан – 24,1пайыз, Орусия – 13 пайыз, Өзбекстан – 11,3 пайыз, Кытайга 3,6 пайыздык товар экспорттолгон. Ошол эле учурда республикага товарлар негизинен Орусиядан – 33,2 пайыз, Кытайдан – 22,5 пайыз, Казакстандан – 9,7 пайыз, АКШдан – 4,7 пайыз, Япониядан – 4 пайыз, Германиядан – 3,7 пайыз жана Түркиядан 3,3 пайыз товар импорттолгон.