Таш-Көмүрдө кошунасын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Таш-Көмүрдө кошунасын өлтүрүүгө шектелген аял кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Таш-Көмүр шаарынын тургуну 2-августта арыз менен кайрылып, өзүнүн бир тууган иниси, 1969-жылы туулган Абдыкалы Кадыров киши колдуу болуп каза тапканын билдирген. Окуя болгон жерге барган топ маркумдун киндигинин жогорку жагы учтуу нерсе менен сайылганын көрүшкөн.

Иликтөөдө каза болгон Абдыкалы Кадыров окуя болгон күнү кошунасы менен спирт ичимдиктерин ичишкени белгилүү болгон. Мындан улам кылмышка шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын Юлдашев көчөсүнүн тургуну, 1973-жылкы Н.А. кармалып, аял кылмыш ишин моюнуна алган. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nelya88
2015-08-05 10:20:44
Кылмыш-кырсыктын копчулугу ушул ичкиликтин айынан!
+1
ACAH_AKA
2015-08-05 10:23:56
жашаш да кыйын болуп калдыго акыркы кундору
0
yiman
2015-08-05 12:11:00
Негизи аял киши неге ичет. Аял кишиге каерде буюруптур ичкилик. Даже эркеке дагы буюрулган эмес. Ушулар да акыр заман белгиси да:(
+2
karona
2015-08-05 16:55:41
Бул аялдын эркекке кантип кучу жетти экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан