Мамлекеттик каттоо кызматынын 17 кызматкери Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка учурады. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге 5-августта аталган мекеменин басма сөз кызматынан
Элзат Кыдырмышева кабарлады. Анын айтымында, жол кырсыгынан айрымдары оор жаракат алган."Кичи автобус менен кечээ, 4-августта 17 кызматкер Бишкектен Жалал-Абадга жөнөп кеткен эле. Жолдо бара жатып саат 18:30дар чамасында Токтогул районунда жол кырсыгына кабылышкан. Кызматкерлер биз менен байланышып, абалды түшүндүрүштү. Айрымдарынын абалы оор болсо, көпчүлүгү жеңил жаракат алышкан. Ошол замат баары Токтогул районундагы ооруканага жаткырылды. Бүгүн 10го чукулу Бишкекке алынып келинет. Учурда мекеме башчысы Алина Шаикова жаракат алгандардын абалын көрүп, Токтогул районунда",- деди Кыдырмышева.
Жол кырсыгы эмнеден улам болгону азырынча белгисиз.