Ош шаарында мас абалында унаа айдап, кош бойлуу аял менен анын 2 жашар баласын сүзгөн айдоочу 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын жакындары билдиришти.
Алардын айтымдарында, эгер күнөөлүү айдоочу аталган мөөнөттүн ичинде мыйзам же укук бузууга барса, ал 3 жылга эркинен ажыратылат. "Биз соттун мындай чечимине нааразыбыз деп айта албайбыз, мыйзамга ылайык, жол кырсыгы боюнча жаза шарттуу түрдө каралат экен",- деп бөлүштү жабырлануучулардын жакындары.
Мындан тышкары алар кырсыктан жаракат алган аял эртең Оштон Бишкекке алынып келинерин кошумчалашты. "Ага операция жасатуу керек болууда. Кырсыктан кийин ал төрөгөн, ымыркайдын ден соолугу канааттандырарлык",- деп билдиришти аялдын туугандары.
Эскерте кетсек, жол кырсыгы быйыл 17-апрель күнү саат 08:30 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен жол четинде токтоп турган Дэу Матиз жана Хонда Фит унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен биринчи унаадан түшүп, балдар бакчасына багыт алган шаар тургуну жана анын 2 жаштагы баласы эки унаанын ортосуна кыпчылып калышкан. Ошол жерден бала каза тапкан, апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу жардам көрсөтпөй качып кеткен. Көп өтпөй ал жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалган. Жол кырсыгына себепкер болгон жаран 36 жаштагы Кубаныч Исманов экени аныкталган. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шарапат Мажитованын баласы.