УКМК "Ислам мамлекети" тобунун желегин "Ала-Тоо" аянтында жана Ак үй алдында сүрөткө тартып, социалдык түйүндөрдүн бирине жарыялап жиберген адамдын өздүгүн тактап жатат. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге У
КМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди. Кечээ, 4-августта социалдык түйүндөрдүн бирине Гураба Муслимов деген колдонуучу тарабынан "Ислам мамлекети" тобунун желеги "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик желектин, Ак үй имаратынын жана Ислам университетинин корпусунун фонунда сүрөткө тартылып, интернетке жарыяланган. Бүгүн Гураба Муслимов интернет түйүнүндөгү өздүк баракчасын өчүрүп салды.