Баткен шаарында каналга агып кеткен 20 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-август күнү саат 16:00 чамасында Чоңгара айылынын тургуну 1995-жылы туулган Нематилла кызы Гүлсавгар Р-5 каналына агып кеткен. Издөө иштерин куткаруучулар жана туугандары жүргүзүп, саат 17:20да Гүлсавгардын жансыз денеси табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.