Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багында жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин №21-мектептин чыгыш тарабында мыйзамсыз курулуш иштеринин жүрүп жатканы белгилүү болгон. Мындан улам ал жакта текшерүү иштери жүрүп, натыйжада курулуш жүрүп жаткан жер мыйзамсыз тартылып алынганы аныкталган. Бул боюнча Свердлов райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.