Башкы прокуратура депутат Коркмазовду кайра камакка алуу боюнча Жогорку Сотко кайрылды

Башкы прокуратура 100 миң доллар пара менен кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун үй камагына чыгарылышы боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимине даттанып, Жогорку Сотко арыз берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 5-августта Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Бишкек шаардык соту Коркмазовду үй камагына алуу чечимин 3-августта чыгарган. Депутаттын жактоочулары аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу боюнча сотко өтүнүч келтиришкен эле. Айыпталуучу депутат 23-июлда СИЗОдон УКМКнын атайын ооруканасына которулган.

Эскерте кетсек, Коркмазов 15-июлда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган эле. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган. Кылмыштын башкы фигуранты катары шектелип Данияр Нарымбаев 2 айга камакка алынганы белгилүү.
Окуя тууралуу кененирээк бул жакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Likvidator
2015-08-05 14:38:35
Туура кылат. Уурунун орду турмодо.
+1
Sake80
2015-08-05 15:35:32
Камай албай калдынарго.Жегени 100000болсо ошо 100000 менен соттун башына бир чапса кардай аппаксын деп чыгарып ийишет
+3
ertur
2015-08-05 16:29:17
Прокуратурага доля бербеген окшойт, кайра камайбыз деп калыптырго
0
Sayragul
2015-08-06 11:14:50
Ушул окуя чыккандан бери, ушул эл окулу, тигиниси эн бийик тепкичтеги бийлик тоболу ушунчалык жийиркеничтуу, ишенимсиз жашоо каптап калганын сездик. Жаканды кармап, ишенген кожолорун минтсе, алды-алдыбыздан тал кармап туралы.
0
Sayragul
2015-08-06 11:16:24
Кыргызга кыргыз гана куйорун ушул окуядан кийин дагы ойлонсок.
+1
temirov76
2015-08-06 19:57:09
Ак уйдо ооруу эмес соо чиновник барбы озу,баарыны медсмотрдон откоруу керек окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан